Чаткалда тоо-кен тармагында иш жүргүзгөн компания экологиялык зыян үчүн 103 миллион сомго доого жыгылды

Тоо-кен тармагында иш жүргүзгөн компания экологияга 100 миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгѳн текшерүү учурунда белгилүү болгондой, «Ч.З.» жабык акционердик коому айыл чарба жерлеринин жоготуулары үчүн акча тѳлѳбѳгѳндүгүнө карабастан «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Чаткал районундагы филиалы аталган компанияга убактылуу жер пайдаланууга күбѳлүк жана 726 гектар жер тилкесин берген. Аны менен катар эле «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Чаткал районундагы филиалы тарабынан жоготуулар менен алынбай калган пайда 4 миллион 624 миң 620 сом деп эсептелген. Бирок Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору боюнча башкармалыгынын билдирүүсүнѳ ылайык, айыл чарба жоготуулары жана алынбай калган пайданын ѳлчѳмү 133 миллион 739 миң 682 сом экени такталган.

Ошол себептен облустук прокуратура тарабынан «Ч.З.» компаниясына жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Чаткал районундагы филиалына мамлекеттин пайдасы үчүн айыл чарба жоготууларын өз убагында тѳлѳбѳгѳндүгү жана алынбай калган пайданы ѳндүрүү үчүн сотко доо арыз келтирилген. Чаткал райондук соту тарабынан доо-арыз жарым-жартылай канааттандырылып, жогорудагы тараптардан 103 миллион 307 миң 3 сом ѳндүрүү жѳнүндѳ чечим чыгарды.