«Чегейин дегем». Ысык-Көлдө талаада 3 жаран кармалды (видео)

Ысык-Көлдө жапайы кендирди даярдап жаткан жеринен үч жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Милиция кызматкерлер Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылынын четине жакын жердеги талаадан шектүү адамдарды байкашкан. Милиция кызматкерлери жакындаганда, алар талаадан качып кетүүгө аракет көрүшкөн. Бирок милиция кызматкерлеринин кылтагына илинишкен. Кармалган үч жаран тең Каракол шаарынын тургундары, мурда соттолгон 33, 35 жаштагы жана мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган 33 жаштагы жарандар болгон. Алардан жапайы кендирдин өзгөчө жыты бар өсүмдүк заты табылган.

Кармалгандар Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Алардын айтымында, жапайы кендирди даярдоо үчүн атайын айылдын четине келишкен. Бул факт райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, алардан алынган өсүмдүк заты баңгизатынын кайсы түрүнө таандык экенин аныктоо үчүн изилдөөгө жөнөтүлдү. Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.