УКМК Чек ара кызматы 20-августта 2022 аскер бөлүгүнүн тарамдарынын биринде мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысы, катардагы жоокер асынып өзүнө кол салгандыгын маалымдады.
«Бул факты боюнча дароо тийиштүү укук коргоо органдары кабардар болду. Ведомство тарабынан бардык жагдайларды жана окуянын себебин аныктоо үчүн кызматтык иликтөө дайындалды»,- деп айтылат маалыматта.






