Бишкекте Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан чет өлкөлөрдүн биринин укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн 1982-жылы туулган жаран кармалды. Ал ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталууда. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2019-жылдын декабрь айында жаран чет өлкөдө жүргөндө жана коммерциялык ишканалардын биринин директору болуп турган учурда шериктери менен биргеликте соода базарынын ижарачысы болуп, курулуп жаткан имараттагы соода орундарын мыйзамсыз саткан. 2019-жылдын декабрь айынан 2022-жылдын март айына чейин 11 жабырлануучудан жалпысынан 168 миң 450 доллар алынган. Жабырлануучуларга төлөнгөн аянттар берилген эмес.
2025-жылдын июль айында чет өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдары тергөө ишин жандандырып, шектүүгө карата Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган. Кармалган жаран Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына мыйзам чегинде чара көрүү үчүн жеткирилди.











