Чүйдө чет өлкөлүк жарандарды сабап, 3 миллион сомду тоноп кетишкен. Шектүүлөрдүн бири котормочу болгон

Чүйдө чет өлкөлүк жарандарды сабап, 3 миллион сомду карактоого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББиден билдиришти.

31-май күнү Лебединовка айылында түстүү металл кабыл алган фирмалардын биринде иштеген 3 чет өлкөлүк жаранды сабап, 3  миллион сом катылган сейфти уурдап кеткен окуя катталган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөөнүн жыйынтыгында, 5 кылмышка шектүү кармалды. 28 жаштагы кылмышка шектүү аталган фирмада котормочу болуп иштеп, алдын ала кылмыш ишин пландаган. Андан соң достору менен кесиптештерин сабап, тоноп кетишкен. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.