Социалдык тармактарда «Чиновниктин балдарына өкмөттүн алы жетпей калды» деген аталыштагы видео жарык көргөн. Видеодо той кортежи жол кыймылынын эрежелерин одоно бузганы тартылган. Бул видео боюнча Милициянын кайгуул кызматынан маалымат беришти.
Авто унаалар каршы тилкеге чыгып, жол тыгынын жаратып жана катуу ылдамдык менен бара жатышканын айтып, ошондой эле бул айдоочуларга чара көрүүдө өкмөттүн жана Кайгуул кызматынын алы жетпейт деген кайрылуу жасаган.
«Видеодогу жол эрежелерин бузуу фактылары боюнча Милициянын кайгуул кызматы ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, анын жыйынтыгында азырынча кортеждеги эки унаа (Мерседес-Бенц, Тойота Камри) кармалып, Бузуулар кодексинин тийиштүү беренелеринин негизинде протоколдор толтурулду. Калган унааларды издеп таап, чара көрүү иштери уланууда», — деп айтылат маалыматта.











