Нарында аялына жана үйүнө бензин чачып, өрттөөгө аракет кылган жаран кармалган.
22-июнь күнү Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын 1989-жылы туулган тургуну мас абалында жубайын бычак менен коркутуп, үйдүн ичине жана жубайынын үстүнө бензин чачып, өрттөп жиберүүгө аракет кылган. Ал ширеңке издеп сыртка чыккан учурда аялдын туугандары келип, «102» кызматына кабар берип, милиция тарабынан өз убагында токтотулган.
Адвокат Шердор Абдыкапаров ага жабырлануучу аялдын бир тууган агасы кайрылып, карындашынын буга чейин да зомбулук көрүп келгенин айтып берген.
«Мурда зомбулук көрүп жүрчү экен. Бирок балдар үчүн деп жашап жүрө берчү экен. Эптеп таяк менен басат. 2-3 жыл мурда күйөөсү унаа айдап бара жатып, «чогуу өлөбүз, мен сени жашатпайм» деп рулду буруп жиберип, жол кырсыкка кабылышкан. Жамбаш сөөгү, омурткасы сынып, темир менен жүрчү. Өрттөйм дегенде качып чыгып, омурткасындагы темирлер ажырап кетиптир. Азыр төшөктө жатат«,- деди адвокат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram










