Чолпон-Атада 43 жаштагы аял өз жанын кыюуга аракет кылды

Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарынын Осмонов көчөсүнүн дарегинде аял киши көп кабаттуу үйдөн секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине Чолпон-Ата шаардык №31 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар ИИМ кызматкерлери менен биргеликте сүйлөшүүлөрүн жүргүзүшүп үйдүн эшигин ачышып, натыйжада 1980-жылы туулган аял кишини өз өмүрүн кыюудан сактап калышкан.