Чолпон-Атада жаран официантты салфетка салгыч менен чаап жиберген (видео)

Чолпон-Ата шаарындагы кафеде белгисиз жаран кызды салфетка салгыч менен уруп жиберген. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Ысык-Көл райондук милицияга 25 жаштагы айым арыз менен кайрылган. Өзүнүн арызында Чолпон-Ата шаарынын кафелеринин биринде иштерин жана жумуш учурунда белгисиз жаран эч себепсиз салфетка салгыч менен башына уруп, денесине залал келтиргенин билдирген. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери, кафеде орнотулган видео көзөмөлгө түшкөн тасмадан шектүү кармалган. Ал Чолпон-Ата шаарынын 27 жаштагы тургуну, мурда кылмыш жообуна тартылган жаран болуп чыкты. Шектүү катары кармалган жаран райондук милициянын тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн алып келинген.

Райондук милициянын тергөө кызматы тарабынан орун алган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.