Чолпон-Ата шаарынын тургуну УКМК кызматкерлерине 29 миң доллар пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
2025-жылдын январь айында УКМК кызматкерлери Чолпон-Ата шаарында расмий киреше булактары жок, кылмыш жолу менен кымбат баалуу мүлктөрдү мыйзамдаштырып алган жаранга карата тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Тергөөнүн жүрүшүндө текшерүүнүн жыйынтыгын оң жакка чечүү үчүн УКМК кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара сунуш кылган.
25-февралда аталган жаран УКМК кызматкерлерине 29 миң доллар пара берип жаткан жеринен кармалды. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.