Чолпон-Атада эки адамдын өлүмүнө алып келген катердин айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
«Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан катердин айдоочусу Кара-Ой айылынын 16 жаштагы тургуну райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына, соттун бөгөт коюу чарасы кабыл алынганга чейин камакка алынды»,- дешти.
- 23-июль күнү саат 16:30 чамасында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайларынын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн “таблетка” баллонун сүйрөтүп бара жатып, теплоходго урунганы белгилүү болгон. Кесепетинен үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарынын райондук ооруканасына жеткирилген. Жабыркаган үч адамдын экөөсү алган оор жаракаттардан оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн ошол эле күндүн түн чамасында көз жумуп, үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Шектүү кармалып, алдын ала суракта шектүү өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.