Чолпон-Атада скутер үч эс алуучуну сүзүп кеткен. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.
Ооруканага эки кыз жана бир жигит жаткырылган. Алар 2000-2004-жылы төрөлгөндөр. 24-июлда жигит менен кыздардын бири ооруканада каза болгон. Экинчи жабырлануучу ооруканада дарылануусун улантууда.