Чолпон-Атада эки адамдын өлүмүнө алып келген скутер кырсыгы боюнча кылмыш иш кыскартылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, каза болгондордун жакындары тосмо арыз жазып беришкен.
- 23-июль күнү саат 16:30 чамасында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайларынын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн “таблетка” баллонун сүйрөтүп бара жатып, теплоходго урунганы белгилүү болгон. Кесепетинен үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарынын райондук ооруканасына жеткирилген. Жабыркаган үч адамдын экөөсү алган оор жаракаттардан оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн ошол эле күндүн түн чамасында көз жумуп, үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Шектүү кармалып, алдын ала суракта шектүү өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.