«Сьюзи Вонг» түнкү клубунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча УКМК маалымат берди.
4-августта УКМК тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун имаратында жайгашкан «Сьюзи Вонг» түнкү клубунда 4 даана гашиш баңгизаты табылды. Алдын ала маалыматтар боюнча, аталган баңги каражаты оюн-зоок мекемесине келгендерге таандык.
Мындан тышкары, түнкү клубдун ээлери тарабынан салык мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталып, бул тууралуу тиешелүү акт түзүлдү. Учурда УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Ысык-Көл облусунун аймагындагы оюн-зоок жайларында эс алып жаткан жаштар арасында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.