Чолпон-Атадагы көл жээкте мушташкан жарандар милицияга жеткирилди

Буга чейин «Сары-Ой айылындагы пансионатта чолпон-аталык тургундар менен пансионаттын коопсуздук кызматкерлеринин ортосунда чыр чыгып, эс алуучулардын тынчын алды» деген видео коомчулукка тараган. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден окуяга катышкан жарандын баары милицияга жеткирилгенин билдирди.

Бүгүн, 29-июнда саат 12:50 чамасында Ысык-Көл ОИИБге Сары-Ой айылындагы «Радуга» пансионатынын көл жээгинде мушташ болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты каттоого алынды. Учурда окуя такталып жатат. Мушташка катышкан жарандардын баары милицияга жеткирилген.