Чолпон-Атадагы «Рух Ордо» маданий борборун сел каптаган учурду видеого тартып алышкан.
Кечээ, 20-сентябрда Чолпон-Ата шаарында мөндүр аралаш жаан жаап, сел жүргөн. ӨКМден кырсык боюнча маалымат беришти. «Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Чолпон-Ата шаарындагы жана Бактуу-Долоноту, Темировка, Корумду айылындагы турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорун каптаган. Жерине куткаруучулар, техника тартылган», — дешкен.