Чолпон-Атадагы эркекти бетке тепкен видео. Милиция чыр 12 миң сомдук карыздан чыкканын билдирди (видео)

Социалдык тармактарга «Чолпон-Атада таксисттер кардар талашып мушташты» деген аталышта тараган видео боюнча Ысык-Көл ОИИБ окуянын-чоо жайын билдирди.

— 28-июлда социалдык тармактарда Чолпон-Ата шаарында таксисттердин мушташы тартылган видео тараган. Бул окуя боюнча мурда Ысык-Көл РИИБне эч ким арыз менен кайрылган эмес.
Окуя Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган.
Териштирүү учурунда окуя 26-июлда Бактуу-Долоноту айылында болгондугу аныкталган. Маалыматка ылайык, 29 жаштагы жергиликтүү тургун А.У. таанышы, Чүй облусунун Аламүдүн районунун 21 жаштагы тургуну А.М. менен капыстан жолугуп калып 1 жыл мурун алган 12 миң сом карызын сураган. Карызды кайтарып берүүгө шарты жок болуп жатканын айткан таанышы менен экөө уруша кетип, А.У. А.М.ны сабап койгон.

Андан кийинки териштирүүдө жабырлануучу А.У.га эч кандай доосу жок экенин билдирип, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.
Учурда Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы бул факты боюнча чечим кабыл алуу үчүн кошумча текшерүү иштерин жүргүзүп жатат.