Чоң Чүй каналына агып кеткен 6 жаштагы баланын жансыз денеси табылды

Кечээ, 8-майда Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында Чоң Чүй каналына 2017-жылы туулган эркек бала түшүп кеткен. Кечээ түн кирип кеткенине байланыштуу издөө иштери токтотулган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бүгүн, 9-майда коңшулары менен байланышканыбызда, баланын жансыз денеси табылганын билдиришти. «Жергиликтүү тургундар тарабынан табылды»,- деди ал.