Чоң Чүй каналына түшүп жатып агып кеткен аял изделип жатат

Чоң Чүй каналынан аял киши изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 14-июнда Бишкектин Элебесов көчөсүндө Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен аял кишини издөө үчүн ӨКМдин 8 куткаруучусу тартылды. ИИМдин берген маалыматына ылайык, 12-июнда 1985-жылы туулган жаран аталган жерде сууга түшүп жатып агып кеткен. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери «161» куткаруу кызматы жана «112» кызматына кабар беришип, издөө иши жүрүүдө.