Белгисиз адамдын аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан Чоң Чүй каналынан табылган белгисиз адамдын жансыз денесинин аты-жөнүн тактап жатат. 24-мартта милицияга Чоң Чүй каналынын түндүк жээгиндеги Көлбаев көчөсүндө баш мээсинен жаракат алып, күч колдонулган белгилер байкалган 35-40 жаштагы белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча 102-берене (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Издөө бөлүмү тарабынан аталган эркек адамдын жансыз денесинин аты-жөнүн аныктоо иш чаралары жүргүзүлүүдө.
Өзгөчө белгилери:бою 170-175 сантиметр, арык денелүү, бети тегерек, баш сөөгүнүн үстүнкү жаактагы 3 тиши, анын ичинде 2 маңдайкы тиши жана астыңкы жаагында катар 5 тиши жок. Ошондой эле, эриндин үстүнкү бөлүгүндө тубаса кемтик – «жарык эрин» бар.
Кийген кийимдери: кочкул кызыл түстөгү трикотаж свитер, ак футболка, капталдарында жашыл сызыктуу «Adidas» логотиби бар кочкул көк түстөгү спорттук шым, «TOMMY crown» урааны бар кара джинсы шым, кара шорта, кара боз байпак, кара жана ак түстөгү 42-өлчөмдөгү спорттук бут кийим.
Бүгүнкү күндө адамдын жансыз денесинин аты-жөнү такталбай жаткандыктан, кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын төмөнкү абоненттик номурлары аркылуу кайрылса болот: 0312 26-63-17, 0550 252-589, 0700 355-587.
Тартылган күч каражаттардын жардамында Бишкек-Ош унаа жолунун 127-чакырымына түшкөн кар көчкү саат 10:20да толук тазаланып, жеңил унааларга эки тараптуу ачылды....
Бишкек-Ош унаа жолунун 127-чакырымына (Төө-Ашуу) кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты. Азыркы тапта Жол тейлөө...
Чүйдө алдамчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 14-октябрда милицияга Токмок шаарынын 77 жаштагы тургуну кайрылган. Анын айтымында, ага...
Жалал-Абадда унаа айдап качкан шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ШИИБден билдиришти. 1-ноябрь күнү милицияга 1977-жылы туулган Жалал-Абад шаарынын тургуну арыз...