Белгисиз адамдын аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан Чоң Чүй каналынан табылган белгисиз адамдын жансыз денесинин аты-жөнүн тактап жатат. 24-мартта милицияга Чоң Чүй каналынын түндүк жээгиндеги Көлбаев көчөсүндө баш мээсинен жаракат алып, күч колдонулган белгилер байкалган 35-40 жаштагы белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча 102-берене (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Издөө бөлүмү тарабынан аталган эркек адамдын жансыз денесинин аты-жөнүн аныктоо иш чаралары жүргүзүлүүдө.
Өзгөчө белгилери:бою 170-175 сантиметр, арык денелүү, бети тегерек, баш сөөгүнүн үстүнкү жаактагы 3 тиши, анын ичинде 2 маңдайкы тиши жана астыңкы жаагында катар 5 тиши жок. Ошондой эле, эриндин үстүнкү бөлүгүндө тубаса кемтик – «жарык эрин» бар.
Кийген кийимдери: кочкул кызыл түстөгү трикотаж свитер, ак футболка, капталдарында жашыл сызыктуу «Adidas» логотиби бар кочкул көк түстөгү спорттук шым, «TOMMY crown» урааны бар кара джинсы шым, кара шорта, кара боз байпак, кара жана ак түстөгү 42-өлчөмдөгү спорттук бут кийим.
Бүгүнкү күндө адамдын жансыз денесинин аты-жөнү такталбай жаткандыктан, кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын төмөнкү абоненттик номурлары аркылуу кайрылса болот: 0312 26-63-17, 0550 252-589, 0700 355-587.
24-апрелде Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын «102» кызматына Ак-Босого жаңы конушунда белгисиз жаран 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасагандыгы...
Ленин РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жашы жете элек өспүрүмгө карата денеге залал келтирүү фактысы аныкталды....
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызмат адамдарынын акча каражаттарын талап кылуу жана...
16-апрелде УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук РИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн...
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жарандан анын кармалышына катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери...