7-сентябрь күнү Кемин районуна караштуу Кайыңды айылынын түштүк тарабында жайгашкан Кыргыз Ала-Тоосундагы Көк-Жар, Борду коктуларында (Чоң-Кемин жаратылыш паркына тиешелүү) чыккан ири өрт 9-сентябрь күнү саат 17:50дө чектөөгө алынган. Кечээ, 11-сентябрда өрттү толук өчүрүүгө Кемин райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 10 куткаруучу, ошондой эле жергиликтүү тургундардан болжол менен 12 жаран анын ичинен 4 атчан, Токой чарба агенттигинен 20 кызматкери тартылып, өрттү толугу менен саат 18:45те өчүрүштү.
Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды
Кечээ, 11-март күнү саат 12:20да Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу кабар келип түшкөн. Анда У.В. аттуу жаран Кара-Балта шаарындагы...











