Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Совет айылынын тургуну, 1983-жылы туулган Ж.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 6-январга караган түнү белгисиз адамдар аталган айылдагы үйүнүн жанында токтотулуп турган өзүнө таандык NISSAN R’NESSA үлгүсүндөгү автоунаасын уурдап кетишкенин билдирген.
Бул факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелген адамдар аныкталган. Алар: Н.А., 2006-жылы туулган, Н.М., 2009-жылы туулган, Ш.Б., 2008-жылы туулган. Бардык шектүүлөр тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Тергөө учурунда аныкталгандай, жогоруда көрсөтүлгөн жаш жигиттер аталган NISSAN R’NESSA үлгүсүндөгү автоунааны уурдап, кийинчерээк ошол автоунаа менен жол кырсыгына кабылышкан. Тактап айтканда, транспорт каражаты оодарылып кеткен.






