«Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Бекитай айылында оор жүк ташуучу унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 17:45те Жайыл райондук №22 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, толук өчүрүлгөн.
Маалыматка ылайык, аталган оор жүк ташуучу унаада дөңгөлөктөр жүктөлүп келе жаткан. Куткаруучулар унаанын алдыңкы бөлүгү (айдоочу отуруучу) жерин сактап кала алышкан. Бактыга жараша жабыркагандар жок», — деп жазылат маалыматта.











