Ишемби, 04.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР

Чүй облусунда эки жигитти өлтүрүүгө шектелген төрт адам кармалды

09:09 11.03.2026
0
Чүй облусунда эки жигитти өлтүрүүгө шектелген төрт адам кармалды

7-мартта болжол менен саат 11:04тө милициянын нөөмөт бөлүмүнө Ак-Торпок айылынын жанындагы талаадан эки эркектин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан маалымдашты.

Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган. Ак-Торпок айылы менен Петровка айылы ортосунда, Бишкек-Ош автожолунун 48-чакырымында жайгашкан айдоо талаасынын четинен зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилери бар эки эркектин сөөгү табылган.

Маркумдардын ким экендиги такталганда, алар 1999-жылы туулган Д.Д. жана 2003-жылы туулган К.Б. экени аныкталган. Ошондой эле Д.Д. 1-марттан бери Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан дайынсыз жоголгон адам катары изделип жатканы белгилүү болгон. Бул факты боюнча Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери шектүүлөрдү аныкташкан. Алар: К.О. (2001-жылы туулган), С.Б. (2007-жылы туулган), М.Б. (2005-жылы туулган) жана С.У. (2006-жылы туулган). С.Б., М.Б. жана С.У. Баткен облусунун Кадамжай району аймагында кармалып, Чүй облусунун ИИББсына жеткирилген. Алар Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренеси негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сот алардын баш коргоо чарасы катары 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Негизги шектүү К.О.нун жүргөн жери аныкталбай, ал издөөгө жарыяланган.

Тергөө учурунда М.Б.нын Кадамжай районуна караштуу Алга айылындагы үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө К.О.нун атына жасалма Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматтык күбөлүгү, ошондой эле милициянын лейтенант наамындагы погондору бар формасы табылган.

Тергөөдө аныкталгандай, 25-февралда шектүүлөр алдамчылык жолу менен жабырлануучулар Б.К. менен анын таанышы Д.Д.ны ижарага алынган батирге алып барышкан. Ал жерде аларды сабап, акчасын жана iPhone 13 менен iPhone 15 уюлдук телефондорун тартып алышкан. Кийин бул телефондор ЦУМ жана Берекет Гранд соода борборлорунда сатылган. Андан кийин жабырлануучулар батирде тамак бербей кармалып турган. 26-февралга караган түнү саат 00:30 чамасында шектүүлөр алардын колдорун скотч менен байлап, көздөрүн таңып, К.О. ижарага алган Hyundai Sonata унаасы менен Бишкек-Ош автожолу аркылуу алып чыгып кетишкен.

Петровка менен Ак-Торпок айылдарынын ортосунда алар жабырлануучуларды талаага чыгарып, өзгөчө мыкаачылык менен сабап, муунтуп өлтүрүшкөн. Кылмыш жасалгандан кийин денелерди талаанын ичкери жагына алып барып ташташкан жана окуя болгон жерден качып кетишкен. Жолдо баратып Ак-Торпок жана Бекитай айылдарынын аймагында жабырлануучулардын кийимдери менен бут кийимдерин жол жээгине ыргытышкан.

28-февралда кылмыштын изин жашыруу максатында шектүүлөр Кадамжай районундагы Алга айылына кетишкен. 9-мартта Ош облусунда бул кылмышты уюштурган негизги шектүү К.О. кармалып, ал да убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери улантылууда.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Ата-эненин мугалимге кол көтөрүүсү боюнча интернетке тараган видео тууралуу министрлик үн катты

Ош ШИИБ: Мугалим менен ата-эненин жаңжалы. Тараптар бири-бирине арыз жазышкан

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:04 04.04.2026
0

3-апрель күнү интернет тармактарында Ош шаарындагы мектептердин биринде окуучунун энеси тарабынан мугалимге кол көтөргөн фактысы болгондугу тууралуу айтылып, кыскача видео...

ИИМ: «Шаирбек Ташиев 4,1 млрд сомдон ашкан зыянды толук өндүрүшү керек»

ИИМ: «Шаирбек Ташиев 4,1 млрд сомдон ашкан зыянды толук өндүрүшү керек»

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:22 01.04.2026
0

Ички иштер министрлиги тарабынан Шайырбек Ташиев «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупциялык схема боюнча кармалды. Тергөөдө нефти ортомчу компаниялар аркылуу берилип, кийин "Кыргыз...

Экс-депутат Кундузбек Сулайманов кармалды

Экс-депутат Кундузбек Сулайманов кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:20 01.04.2026
0

УКМК Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча улантылып жаткан иш-чаралардын алкагында, Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабынын долбоорун ишке ашыруу учурундагы...

Шаирбек Ташиев кармалды

Шаирбек Ташиев кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:17 01.04.2026
0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты. Салык кызматынын материалдарынын жана аудитордук текшерүүнүн негизинде...

Кеминде баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Кеминде баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:06 29.03.2026
0

Кечээ, 28-март күнү саат 16:00 чамасында Кемин районунда “Тойота Хайландер” үлгүсүндөгү унаа, жаш өспүрүм баланы сүзүп, окуя болгон жерден качып...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Ата-эненин мугалимге кол көтөрүүсү боюнча интернетке тараган видео тууралуу министрлик үн катты

Ата-эненин мугалимге кол көтөрүүсү боюнча интернетке тараган видео тууралуу министрлик үн катты

11:20 04.04.2026
Ата-эненин мугалимге кол көтөрүүсү боюнча интернетке тараган видео тууралуу министрлик үн катты

Ош ШИИБ: Мугалим менен ата-эненин жаңжалы. Тараптар бири-бирине арыз жазышкан

10:04 04.04.2026
ТИМ: Айдоочулук күбөлүгү таанылбай жатат деген маалыматтар расмий тастыктамага ээ эмес

ТИМ: Айдоочулук күбөлүгү таанылбай жатат деген маалыматтар расмий тастыктамага ээ эмес

10:10 04.04.2026
Ата-эненин мугалимге кол көтөрүүсү боюнча интернетке тараган видео тууралуу министрлик үн катты

Ата-эненин мугалимге кол көтөрүүсү боюнча интернетке тараган видео тууралуу министрлик үн катты

11:20 04.04.2026
Кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатына катышуучу команданын курамы

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатына катышуучу команданын курамы

11:20 04.04.2026
Шашылыш билдирүү: 4-5-апрель күндөрү Ош, Жалал-Абад жана Баткенде сел жүрүшү мүмкүн

Шашылыш билдирүү: 4-5-апрель күндөрү Ош, Жалал-Абад жана Баткенде сел жүрүшү мүмкүн

10:14 04.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү