Чүйдө 1 жашар наристе уктап жаткан жеринде чарчап калды. Окуянын чоо-жайы

18-апрелде Токмок шаарындагы үй күйүп жаткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. Аталган маалымат Токмок ШИИБге катталып тергөө чейинки текшерүү иши башталган. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Токмок ШИИБдин тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барган учурда, Токмок шаарынын өрткө каршы кызматынын бир экипажы окуя болгон жеринде иш алып барып жаткан. Окуя боюнча кийинки жагдай такталган. 1975-жылы туулган үйдүн жашоочусу ошол күнү аба ырайы суук болуп жатканынан мешке от жагып, анын жанында 2022-жылы туулган небересин уктатып короого чыгып кеткен.

Короодо жумуштарып жасап, кайра үйгө киргенде үйдүн ичинде түтүн болуп, бөлмө өрттөнүп жатканын көргөн. Жардам сурап, көчөдөгү бейтааныш бир киши үйдөн баланын жансыз денесин сыртка алып чыкканга жардам берген. Өрт шаардык өрткө каршы кызматынын кызматкерлери тарабынан өчүрүлгөн.
Учурда текшерүү иши уланып жатат.