Маловодное айылында 2014-жылы туулган баланы жүк ташуучу поезд сүзүп кетип каза болду. Маалыматты журналисттерге Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Ал эми «Кыргыз темир жолу» маалымат таратып, кырсык кечээ, 8-декабрда саат 15:26да Чүй облусунун Сокулук районундагы Маловодное айылында Сокулук-Шопоков бекеттеринин аралыгында болгонун билдиришти. «Темир жолдо 10-12 жаштар чамасында бала болгондуктан, поезддин машинисти поездди чукул токтотууну колдонгон. Локомотив бригадасы Тез жардам жана милиция кызматкерлерин чакырган», — дешти.
Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барганда, 2014-жылы туулган С.Р., темир жолдо ойноп жүргөнү, келе жаткан поездди көрбөгөндүгү аныкталган. Кесепетинен бала ошол жерден каза болгон.