Чүйдө 15 жаштагы кызды зордуктоого шектүү кармалды

Сокулук районунда зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 

29-январь күнү милицияга Сокулук районунун тургуну арыз менен кайрылган. Анда 26-январга караган түнү физикалык күч колдонуп, 2008-жылы туулган жашы жете элек кызын эркине каршы зордуктаган белгисиз адамга карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факты Сокулук РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (зордуктоо) негизинде кылмыш иши козголгон. 2-март күнү милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1992-жылы туулган жаран кармалган. Тергөө иштери уланууда.