Чүйдө 15 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн жаран камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалым болгондой, мамлекеттик айыптоочулардын өтүнүчү менен шектүүнүн баш коргоо чарасын өзгөртүштү. Айыпталуучу Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге киргизилет.
Буга чейин соцтармактарга 15 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн жарандын видеосу тараган. Ишти прокуратура көзөмөлгө алган. Кийинчерээк жарандын бөгөт чарасын карап, эркиндикке чыгарган сот төрагалыктан кеткен.