Чүйдө 16 жаштагы кызды 4 жыл зордуктап жүргөн өгөй ата 18 жылга эркинен ажыратылды

Чүйдө өгөй кызын зордуктоого шектелген жаран күнөөлүү деп табылып, 18 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук сотунан билдиришти.

Өткөн жылдын август айында Чүй ОИИБ маалымат таратып, жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген жаран кармалганын билдирген. 19-августта Чүй ОИИБге жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында 2017-жылдан бери 2005-жылы туулган өгөй кызын зордуктап жүргөн кишиге карата чара көрүп берүүнү суранган. Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 2005-жылы туулган кыз көрсөтмө берип, ал өз көрсөтмөсүндө коркконунан бул боюнча эч кимге үн катпай келгенин айткан. 19-августта саат 07:00 чамасында өгөй атасы аны дагы бир жолу зордуктаган, андан кийин кыз үйдөн качып чыгып, таанышына качып барган, ага баарын айтып берген. Кийин аял менен кыз Чүй облусунун ички иштер органдарына барып, арыз жазышкан.

Кылмышка шектелип 1975-жылы туулган жаран кармалып, Токмок ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кийин ага камакка алуу бөгөт чарасы тандалган. Иштин материалдарынын негизинде милиция кызматкерлери бардык зарыл болгон экспертизаларды дайындашкан.