Чүйдө 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 20 жаштагы жигит кармалды

Кечээ, 8-июлда Чүй ОИИБ маалымат таратып, милицияга 1964-жылы туулган жаран кайрылып, 7-августка караган түнү Лебединовка айылында 2005-жылы туулган кызы зордукталганын айтып, чара көрүүнү суранганын билдиришкен.

Аталган арыз Аламүдүн РИИБге катталып, тергөө иштери жүрө баштаган. Тийиштүү соттук-экспертизалар дайындалган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган жаран кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

«Кылмыш ишинин жүрүшү Чүй ОИИБдин башчылыгы тарабынан көзөмөлгө алынды, жана башчылык тарабынан окуянын жагдайы боюнча тыкыр изилдөө жүргүзүлүп, күнөлүү адамдарга мыйзам чегинде тийиштүү чаралар көрүлөөрү айтылды»,- деп айтылат маалыматта.