Чүйдө 17 жаштагы кыздын апасы милицияга кайрылып, кызынын зордукталганын айткан (видео)

Социалдык тармактын колдонуучулары Чүйдө 17 жаштагы кыздын зордукталганын жазып чыгышты. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден окуя боюнча маалымат беришти.

Маалыматка караганда, 7-августта Аламүдүн РИИБге 1964-жылы туулган жаран кайрылып, 7-августка караган түнү Лебединовка айылында 2005-жылы туулган кызын зордуктаган жарандарга чара көрүүнү суранган. Аталган факты каттоого алынып, тергөө жүрө баштаган.

Ал арада видео тарап, видеодо кызды «Алтын казына» тойканасынын эки кызматкери зордуктаганы айтылган.