Зордуктоо кылмыш иши боюнча тергөө убагында дагы бир шектүүнүн катыштыгы бар экендиги такталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
- 7-августта Аламудун РИИБге арыз менен 1964-жылы туулган жаран кайрылып, 7-августка караган түнү Лебединовка айылында 2005-жылы туулган кызы менен тааныш болгон адамдар кыздын эркине каршы жыныстык катнашта болгонун билдирген.
Аталган окуя боюнча Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматында 154-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыш белгилеринин курамы менен кылмыш иши козголгон. Бул кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.
Кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен бул кылмышка 1996-жылы туулган жигиттин дагы катыштыгы бар экендиги такталып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Тергөө уланып жатат.