Чүйдө каракчылыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 1984-жылы туулган аял киши милицияга кайрылып, ГЭС-5те анын 2006-жылы туулган уулуна кол салышып, анын iPhone 13 жана iPhone 15 Pro Max телефондорун, Airpods Max наушнигин жана Lexus GS 350 унаасын тартып алганын билдирип, арыз жазган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1997, 1998 жана 2003-жылы туулган жигиттер кармалып, камакка алынган. Алар соттун чечими менен 2 айга камакта калтырылган. Тергөө уланууда.