Чүйдө 18 жаштагы келин 5 күндөн бери изделүүдө

Чүйдө 18 жаштагы келин Алачаева Кайирма дайынсыз болууда. Бул тууралуу Чүй ОИИБден маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Жайыл РИИБге Сосновка айылынын тургуну, 22 жаштагы Сунатулло Заиров арыз менен кайрылган. Арызында ал жубайы, 18 жаштагы Алачаева Кайирма 26-июль күнү эртең менен үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Белгилери: Бою 160-165 сантиметр.

Кийимдери: Ак түстөгү узун толстовка, кара кроссовка, сары түстөгү сумкасы болгон.

Байланыш номерлери: 0508 555589, 0707 050740