Чүйдүн Аламүдүн районунда бөтөлкөлөшүн өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
21-январда 1984-жылы туулган жаран үйүндө 1975-жылы туулган жаран менен спирт ичимдигин ичип отурушкан. Сөздөн уруш чыгып, 1975-жылы туулган жаранды ашкана бычагы менен сайып жиберген. Алган жаракатынан жабырлануучу Тез жардам баргыча каза болгон.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1984-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.