Сокулук районунда каржы пирамида уюштуруп, жабырлануучуларга олуттуу өлчөмдөгү материалдык чыгым келтирген дагы бир аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
16-августта Сокулук РИИБге арыз менен 1986-жылы туулган жаран кайрылып, арызында 2 чала таанышы Вотсап мессенжеринде бир нече тайпаларды түзүп, “кыска аралыкта акча каражатын эки эсеге көбөйтүп берем” деп алдап 65 миң сом акча каражатын котортуп алып, качып жүргөндүгүн билдирип, чара көрүүнү суранган. Аталган арыз Сокулук РИИБге катталып, кылмыш иши козголгон.
Буга чейин Бишкек шаарынын тургуну 1985-жылы туулган жаран аныкталып, кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. 16-августта 1983-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө учурунда шектүүлөр улгайган адамдарды топко кошуп, алардан акча алып турушканы аныкталган. Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.