2022-жылдын 10-май күнү Чүйдө 9 жыл мурда өлтүрүлгөн 2 кишинин сөөгү табылган.
- 2013-жылдын октябрь айында 1989-жылы туулган Н.Кунбасов жана 1988-жылы туулган Т.Ишеновду табууга көмөк көрсөтүү үчүн эки жаран милицияга кайрылган, алар үйүнөн чыгып, кайтып барышкан эмес. 3-майда Ак-Кудук айыл өкмөтүндө жайгашкан талаалардын биринен адам калдыктарын табуу фактысы боюнча билдирүү милиция бөлүмүнө келип түшкөн. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча катталып, зарыл болгон бардык экспертизалар дайындалган. Андан кийин дайынсыз жоголгон жарандардын туугандары аталган сөөктөрдү жана сакталган кийимдерди аныктап, инсандыгын тастыкташкан. Аталган кылмышты жасагандыгына шектүү катары 1985 жана 1964-жылы туулган жарандар кармалып, Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу. Тергөөнүн алдын-ала версиясы боюнча, кылмыш өлтүрүлгөндөр менен шектүүлөрдүн уулдарынын ортосундагы келишпестик чыгып, мушташуу болуп, анда шектүүлөр таш менен урушкан. Кылмыш жасагандан кийин кылмышты жашыруу максатында шектүүлөр аталган эркектердин өлүктөрүн алып чыгып, Ысык-Ата районунун аймагына көмүп салышкан. Мындан тышкары, 2014-жылы тергөө иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө аталган шектүүлөр суракка алынган, бирок шектүүлөр жалган көрсөтмө беришкен, тактап айтканда, алардын ортосундагы чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечишкенин жана алардын жок болушуна эч кандай тиешеси жок деп көрсөтмөсүндө айтышкан.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Чүй облустук соту менен байланышканыбызда, иш сотко өткөнүн айтышкан. 1-мартта редакцияга Ишеновдун жакыны болгон Кубанычбек Садыков кайрылып, кылмышка шектүүлөрдү сот өмүр бою эркинен ажыратсын деген талап коюп жатышканын айткан. Ал ошондой эле маркумдар 1989-жылы туулган Н.Кунбасов жана 1988-жылы туулган Т.Ишеновдун дос болгонун билдирген.
Бүгүн, 26-апрелде СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кылмышка шектүүлөрдүн өмүр бою эркинен ажыратылганын билдиришти.