Чүйдө 24 жаштагы жигитке бычак сайган делген жаран кармалды

25-декабрда Аламүдүн РИИБге аймактык ооруканадан билдирүү түшкөн. Анда 24 жаштагы жигит бычактан жаракат алганы айтылган. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Аталган факты РИИБге катталып, кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалган. Кылмышка шектелип, 25 жаштагы жигит кармалды. Чүй ОИИБдин убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланып жатат.