Жашы жете элек кызга нике кыйгандыгы үчүн айылдын имамы кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Аламүдүн районунун Васильевка айылынын имамы болгон 1960-жылы туулган жаран жашы жете элек 2005-жылы туулган кыз менен 1995-жылы туулган жигитке нике кыйгандыгы аныкталган. Аталган факты Аламүдүн РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренесинде көрсөтүлгөн (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда 1960-жылы туулган жаран аталган кылмыш ишине шектүү катарында кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бүгүнкү күндө ага карата үй-камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлдү.