Чүйдө 35 жаштагы келиндин жансыз денеси табылды. Кылмышка күйөөсү шектелүүдө

26-июлда саат 07:23 чамасында Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Ак-Жар айылында 2 адамдын бачактан жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ыкчам тобу окуя болгон жерге барышкан. Ал жерден бычактан алган жаракатынан көз жумган аялдын жансыз денесин табышкан. Анын 1986-жылы туулган жаран экендиги аныкталган. Мындан тышкары, ошол эле жерден, бычактан жаракат алган 1983-жылы туулган жаран табылып, ооруканага жеткирилген.

Аталган факт Аламүдүн РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталып, керектүү экспертизалар дайындалды.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, күйөөсү аялына бычак менен кол салып, аны өлтүрүп, өз жанын кыюуга аракет кылгандыгы белгилүү болду. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда»,- деп айтылат маалыматта.