Чүйдө 60 жаштагы жарандын жансыз денеси өз үйүндө табылды

Чүйдөгү батирден жансыз дене табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 31-август күнү ӨКМге Аламүдун районундагы Энергетик шаарчасындагы батирдин эшигин ачып беришин суранган кайрылуу түшкөн. Куткаруучулар атайын шаймандардын жардамы менен эшикти ачып беришкен. Батирдин ичинен 1961-жылы туулган жарандын жансыз денеси табылды.