Чүйдө 63 жаштагы кишинин үйүнөн баңги лаборатория аныкталды (видео)

Чүй облусунун жашоочусунун үйүнөн баңги лаборатория табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Кылмышты жасоого шектүү катары 1960-жылы туулган Чүй облусунун жашоочусу кармалды. Тинтүү жүргүзүү учурунда жарандын үйүнөн 6 даана үч литрлик, 3 даана бир литрлик, 1 даана жарым литрлик банкада жана 3 даана баштыкта салынган кургатылган кочкул-жашыл түстөгү кара куурайдай өзгөчө жыты бар зат табылган. Алынган заттын жалпы салмагы 2,5 килограммды түзөт.

Андан тышкары, баңгизаттарды даярдоо, таңгактоо, сатуу жана колдонуу үчүн жабдыктар табылган. Алар электрондук тараза, кайчы, 100 милиграмм көлөмүндөгү 12 бөтөлкөдөгү спирт, 3 даана скотч, баңгизатты колдонуу үчүн бульбулятор, баштыкта салынган аарынын мому, медициналык скальпель.