Чүйдүн Москва районундагы Бала-Айылчы айылында 63 жаштагы киши 49 жаштагы аялын атып өлтүрүүгө шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Окуя кечээ, 1-ноябрда болгон.
Милициянын айтымында киши мас абалда болгон. Түгөйлөр ортосунда пикир келишпестиктен чыр чыгып, күйөөсү курал менен ок чыгарган. Аялы жеринде каза болуп калган.
Факты боюнча Москва РИИБи «Киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Тергөө уланууда.






