Аламүдүн районунда киши өлтүрүү фактысы катталып, кылмышка шектүү катары 34 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 30-июнь күнү Аламүдүн РИИБге Пригородное айылында киши өлтүрүү фактысы болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Аламүдүн РИИБдин ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан аял кишинин жансыз денесине кароо жүргүзүлгөн, денесинен зомбулуктун белгилери аныкталып, анын 73 жаштагы жаран экендиги такталган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй ОИИБдин жана Аламүдүн РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип, каза болгон аялдын 34 жаштагы баласы кармалды. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында шектүүнүн жашаган жеринен 5 диний китеп жана 1 дептер алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.