Өткөн жылдын июль айында милиция Чүй облусунда карындашын кордогон адамга ок чыгарган жаранды кармаган. Окуя 1-июль күнү саат 08:30 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында болгон. Милицияга эркек кишинин октон жаракат алгандыгы боюнча билдирүү түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу ал жерден 1975-жылы туулган жарандын жансыз денесин табышкан. Жабырлануучу алган жаракатынан улам «Тез жардам» кызматы келгенге чейин каза болгон.
12-майда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча Чүй облустук сотуна кайрылганыбызда, шектүүнүн дагы эле камакта экени маалым болгон. «Камакта, соттук отурумдар өтүп жатат. Отурум 17-майга белгиленди, бүгүн жабырлануучу тарап келбегенине байланыштуу соттук отурум жылдырылган», — дешти.
Бүгүн, 24-майда Чүй облустук сотунан кийинки отурум 1-июлга белгиленгенин, анда шектүү сураларын билдиришти.