27-августта саат 13:30 чамасында Сокулук районунун Күн-Туу айылында Мерседес Бенц унаасынын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Бул тууралуу Чүй милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, айдоочу жабыркаган жаранды ооруканага алып барып, ошол жерде таштап кеткен.
Милиция 2002-жылы туулган жаранды Сокулук РИИБге жеткирип, унаасы айып короого киргизилген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram











