Кечээ, 21-апрелде социалдык тармактарда Чүйдө катталган жол кырсыктын видеосу тараган. Видеодон унаанын жалбырттап өрттөнүп жатканын көрүүгө болот. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги кырсык боюнча Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына кайрылып, маалымат алдык.
Маалыматка караганда, жол кырсык 21-апрелде саат 22:00 чамасында Воронцовка-Бишкек унаа жолунун 1,200-чакырымында катталган. БМВ үлүсүндөгү унаанын 1994-жылы туулган айдоочусу рулга ээ боло албай, карама-каршы тилкеге чыгып, жолдун жээгиндеги бакты сүзгөн. Кесепетинен унаа менен кошо айдоочу күйүп кеткен.
Посмотреть эту публикацию в Instagram