6-августта Аламүдүн районунда айыл чарба жерлерин мыйзамсыз бөлүштүрүү жана куруу фактылары боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө иштеринин алкагында жергиликтүү бийликтин учурдагы жана мурдагы өкүлдөрү кармалган.
Бул иштин акагында 7-август күнү Аламүдүн районуна караштуу Васильевка айылынын №578, 569, 569*, 580, 580* контурларындагы айыл чарба багытындагы жер тилкелерди мыйзамсыз бөлүштүрүү жана сатуу фактыларына тиешеси бар Васильевка айыл өкмөттүн жер адиси 1977-жылы туулган М.М. аттуу жаран кармалды. Учурда Аламүдүн РИИБ тарабынан убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.