Чүй облусунда апасын кыйнаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Сокулук районунун Кун-Туу айылында 1989-жылы туулган жаран мас абалында өзүнүн 1960-жылы туулган апасына карата системалуу түрдө психологиялык басым көрсөтүп, физикалык зомбулук колдонуп жүргөнү маалым болгон. Бул факты каттого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин (кыйноо) белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда жаран буга чейин да өз энесине ушундай мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгы аныкталган.
Үй-бүлөлүк зомбулуктун үч фактысы боюнча райондук милиция тарабынан Бузуулар кодексинин 70-беренесине (Үй-бүлөлүк зомбулук) ылайык тиешелүү протоколдор түзүлгөн. Кылмыш ишинин алкагында бардык керектүү экспертизалары дайындалып, тергөө иштери уланууда.










